Бишкекте алдыдагы жекшембиде 2 көчө убактылуу жабылат

Бишкекте алдыдагы жекшембиде 2 көчө убактылуу жабылат. Мэриянын маалыматына ылайык, бул күнү дуатлон боюнча мелдештер өтөт.

 

Таңкы саат 7ден 12.30га чейин Масалиев көчөсүнүн Айтматов проспектисинен Байтик Баатыр көчөсүнө чейинки тилкесинде жана Токтоналиев көчөсүнүн Безымянная-Масалиев бөлүгүндө кыймыл чектелет. Айдоочуларга каттамдарын эртелеп түзүп алуу сунушталат.