Кыргызстан чет өлкөлүктөрдүн кирүүсүнө тыюу салды

Кыргызстан чет өлкөлүктөрдүн кирүүсүнө тыюу салды. Бул тууралуу Тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов билдирди. Ал белгилегендей, Кыргызстанга келүүнү пландап жаткан чет өлкөлүк жарандарга бардык категориядагы виза берүүнү токтотту.

 

Чектөөлөр дипломаттарга, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнө, эл аралык каттамдагы учактар менен поезддердин айдоочуларына тиешелүү эмес. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда 3 адамда коронавирус катталды.