Кыргызстанда шайлоо босогосу 7 пайызга түшүрүлдү.
Тиешелүү мыйзамга президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Аталган мыйзам долбоору коомчулуктун талкуусуна 7-февралда чыгарылган.
Аны иштеп чыккан топтун курамында 21 депутат бар. Конституциялык мыйзам
расмий жарыялангандан тартып күчүнө кирет. Белгилеп кетсек,
буга чейин шайлоо босогосу тогуз пайызды түзүп келген.