Жогорку Кеңеш Референдумду дайындоо боюнча мыйзам долбоорду биринчи окууда кабыл алды.
Жыйынга 63 депутат каттоодон өттү, алардын төртөө каршы добуш берди. Вице-спикер Мирлан Бакиров билдиргендей,
көпчүлүк добуш менен мыйзам долбоор кабыл алынды. Документ кыргызстандыктар башкаруунун
кандай формада — пардаменттик же президенттик түрдө жашагысы келээрин сунуштайт.
Эске салсак, өткөн жумада депутаттар кворум чогулта албай, добуш берүүнү жылдырышкан.