Өлкөдө кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында
17-февралга чейин жаан-чачынга байланыштуу, өлкөнүн тоолуу
райондорунда кар массалары түшүшү мүмкүн. Төө-Ашуу, Ала-Бел,
Чапчыма ашууларында жана Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүү коркунучу бар.
Ошондой эле Мырзаке-Кара-Кулжа-Алай-Куу, Ала-Бука-Каныш-Кыя,
Красная горка-Ак-Таш трассасындагы айдоочулар этият болушу зарыл.
Унаалар ортосундагы 500 метр аралык сакталышы кажет.