Москвада жаңы аймактарды Россияга кошуу боюнча келишимдерге кол коюлат

Москвада Россиянын курамына жаңы аймактарды: Донецк жана Луганск элдик республикаларын, ошондой эле Херсон жана Запорожье облустарын кошуу боюнча келишимдерге кол коюу аземи өтүүдө. Салтанатка президент Владимир Путин жана парламентарийлер катышууда.

Референдум өткөн төрт субъект менен тең Россияга кошулуу келишимине кол коюлат.

Кийин Путин бул аймактардын башчылары менен жолугат.

Эске салсак, 23-сентябрдан 27-сентябрга чейин  “Донецк Элдик Республикасы”, “Луганск Элдик Республикасы”, Херсон жана Запорожье областтарында референдум өттү.