Баткен облусунда объектилерди калыбына келтирүү иштери уланууда

Баткен облусунда объектилерди калыбына келтирүү иштери уланууда.

Ишке атайын техникалар, куткаруучулар жана ыктыярчылар тартылган.

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров үйлөрдүн дээрлик баары талкаланган Капчыгай айылында жаңы имараттар курула турганын билдирди.

Жабыркаган Ак-Сай айылындагы мектеп боюнча балдардын коопсуздугу эске алынып, жаңы имарат куруу маселеси чечилет.

Өкмөт ошондой эле эртең чек арадагы куралдуу кагылыштан жапа чеккен Баткен жана Ош облустарындагы административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын биринчи отуруму өтөрүн кошумчалады.