Бишкекте “Учкун” кичи районундагы гараждарды бузуу иштери башталды.
Мэриянын маалыматы боюнча, 120га жакын объект сүрдүрүлүүгө тийиш.
Август айында Свердлов шаардык соту аларды мыйзамсыз деп тапкан.
Үй ээлерине 30-сентябрга чейин аймакты бошотуу боюнча эскертүүлөр берилген.
Белгиленгендей, айрым жарандар гараждарын өз алдынча бузушкан.