Президент Гурбангулы Бердимухаммедов уулуна «Түркмөнстандын эмгек сиңирген ит багуучусу» наамын ыйгарды

Президент Гурбангулы Бердимухаммедов уулуна «Түркмөнстандын эмгек сиңирген ит багуучусу» наамын ыйгарды.

Сердар Бердимухаммедовго абройлуу сыйлыктардын бири саналган бул наам ит багууда жетишкен ийгиликтери үчүн берилди.

Белгилеп кетсек, аталган наам быйыл мартта парламент тарабынан негизделген. Өлкө башчынын уулу премьер-министрдин

орун басары, Жогорку көзөмөл палатасынын төрагасы жана «Түркмөн Алабайлары» эл аралык ассоциациясынын жетекчиси.