Ажылык сапарга электрондук каттоо бүгүн башталып, 30-декабрга чейин уланат

Ажылык сапарга электрондук каттоо бүгүн башталып, 30-декабрга чейин уланат. Мусулмандардын дин башкармалыгынан билдиришкендей, каттоо ID-карт паспортунун негизинде жүргүзүлөт. Талапкерлерди ажылык серверге аймактык кезекке тургузуу бир гана алгачкы төлөгөн 500 доллар квитанциясынын негизинде жүргүзүлөт.

 

Ошондой эле муфтият 2020-жылы ажылыкка баруучу жарандар башкармалык тарабынан жарыяланган мөөнөттүн ичинде каттоодон өтүүсү тийиш экенин, андан кечиккен жарандар каттоого алынбай турганын эскертет.