Мугалимдерди кемсинткен мектеп окуучуларын жазалоо боюнча мыйзам долбоору кайра кароого жөнөтүлдү

Мугалимдерди кемсинткен мектеп окуучуларын жазалоо боюнча мыйзам долбоору кайра кароого жөнөтүлдү.

Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Талкууда депутаттар мыйзамдын нормаларын ишке ашыруу механизмдери жок экенине токтолушту.

Мындан тышкары, документ тергөөчүлөргө кошумча жүктү алып келиши мүмкүн экени айтылды.

Эске салсак, мугалимдерге одоно мамиле үчүн окуучулардын ата-энелерине же жашы жеткен окуучулардын өздөрүнө айып салуу сунушталган.