Жасалма димплому бар 16 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер өз каалоосу менен жумуштан кетти

Кыргызстанда Жогорку Кеңештин 4 депутаты, Ички иштери органдарынын 10 кызматкери, Тышкы иштер министрлигинин 6 кызматкери жана шаарлардын биринин мэри жасалма диплом алган деп шектелүүдө.

УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, бул факт боюнча учурда 16 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер өз каалоосу менен жумуштан кетти.

Ведомство Кыргызстандын жарандарынын ичинен мамлекеттик кызматкерлерди терс иштерге жол бербөө максатында билими тууралуу жасалма дипломдорду жана документтерди өз ыктыяры менен берүүгө, же болбосо өз демилгеси менен ээлеген кызматын бошотууга чакырат.