Эрназар Акматалиев күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты

Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев Сербиядагы эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты.

Акматалиев 70 кг салмакта эркин күрөш боюнча мелдештин 1/8 финалынан баштап катышууда.

Анын алгачкы атаандашы молдовалык Максим Сакултан болуп, Акматалиев аны 14:2 эсебинде утту.

Ал эми чейрек финалда кыргыз спортчусу болгариялык Рамазан Рамазанов менен күч сынашып 11:0 эсебинде жеңди.

Белгилеп кетсек, жарым финалда Акматалиев япониялык балбан менен күрөшөт.