Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасынын мүчөсү Арсалан Будажапов Сербияда өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын чейрек финалына чыкты.
Спортчу 1/8 финалда тажикстандык Шухрат Бозоров менен беттешип, 10:0 эсебинде жеңишке жетти.
Ал буга чейин франциялык спортчуну жеңген.
Будажапов 79 кг салмак категорияда күч сынашууда.