Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолу бир тараптуу ачылды.
Novosti.kgге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей,
тазалоо иштери убактылуу токтотулду. Тилкени кеңейтүү жумуштары
кайра эртең уланат. Эске салсак. түндө тилкенин 50-90-чакырым аралыгында
катуу шамал болуп, жолдо кар күрткүсү пайда болгон.
Трасса кыймылга убактылуу жабылган.