Таласта окуу онлайн форматта уланууда

Таласта окуу онлайн форматта уланууда. Бул тууралуу “Турмуш” агенттиги өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Кыял Жанузаковага шилтеме келтирип билдирет.

 

Анын айтымында, облустагы мектептер ачылып, билим берүү салттуу режимде жүрүп жатат. Чектөөлөр Талас шаарына гана тиешелүү. Ушул жумадан тарта 1-2-5-10-11-класстын окуучулары атайын алгоритм менен окуп баштады.

 

Эгер Таласта эпидемиологиялык абал туруктуу бойдон калса, кийинки жумада бүт класстын окуучулары кадимки режимде окуп баштайт.