Ала – Бука райондук ооруканасынын башкы дарыгерине кызматтык иликтөө жүргүзүлөт

Ала – Бука райондук ооруканасынын башкы дарыгерине кызматтык

иликтөө жүргүзүлөт.  Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей,

башкы дарыгер медициналык кызматкерлердин коопсуздугу боюнча

тийиштүү деңгээлде иш алып барбагандыгына айыпталууда.

Иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча чара көрүлөт. Эске салсак,

республикада 9 дарыгер коронавируска кабылды. Бишкек жана

Ошто бирден, 7өө Жалал – Абад облусуна караштуу Ала – Бука районунда.