Нарын облусунда 27 айыл өкмөткө 270 млн сомдук 44 жаңы атайын техника берилди. Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, техникалар Нарында өткөрүлгөн “Агро — 2024” айыл чарба форумунда акимдерге жана айыл өкмөт башчыларына салтанаттуу тапшырылды.
Техникалардын ачкычын Нарын облусунун башчысы Алтынбек Эргешов тапшырды.