Бишкекте Чүй проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылат

Бишкекте Чүй проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылат. Мэриянын маалыматына ылайык, 20-майда эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин анын Төрөкул Айтматов көчөсүнөн Курманжан датка көчөсүнө чейинки тилкеси чектелет. Бул аталган бөлүктө суу түтүктөрүн алмаштыруудан кийин асфальт төшөө иштери аткарылат.

 

Айдоочулар тыгындарды алдын алуу максатында каттамын эртелеп түзүп алышы керек.