Жалал-Абад шаарына электр энергиясы менен жүргөн 10 автобус келиши күтүлүүдө

Жалал-Абад шаарына электр энергиясы менен жүргөн 10 автобус келиши күтүлүүдө.

Калаа мэри Эрнис Ормоков билдиргендей, учурда тиешелүү документтер даярдалып жатат.

Эгер жаңы автобустар келсе, автобус жана кичи автобустар токтогон жайларга тез кубаттоочу

станциялар курулат. Кошумчаласак, 110 миңден ашык калкы бар Жалал-Абад шаарында

жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн 8 гана автобус иштейт. Андан тышкары, ондогон жеке

менчик фирмалар эмгектенет. Муктаждыкты жоюу үчүн 70 автобус керек.