Быйыл Баткенге 26 трансформатордук көмөкчордон орнотуу пландалууда

Быйыл Баткенге 26 трансформатордук көмөкчордон орнотуу пландалып жатканын Энергетика министрлиги билдирди. Ошондой эле, күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында облус аймагында 33 чакырымга аба электр чубалгылары тартылат.

 

Жогорку чыңалуудагы линияларды реконструкциялоо 66 чакырымды түзөт. Ошону менен бирге эскирген 23 трансформатордук шкаф алмаштырылып, 4 көмөкчордондун трансформаторлорунун кубаттуулугу жогорулатылат.