Улуттук банк сомду колдоо максатында бир жума ичинде 30 миллион доллар сатты

Улуттук банк сомду колдоо максатында бир жума ичинде 30 миллион доллар сатты. Өлкөнүн башкы каржы мекемеси өтүп кеткен аптанын ар бир күнүндө эл аралык валюта рыногуна чыгууга аргасыз болду.

 

Буга доллар курсунун кымбаттоосу себеп. Жалпысынан ноябрдын башынан бери интервенцияларда 57 миллион доллар сатылды. Ал эми доллар курсунун серпилүүсү 2 айдан бери уланууда.