Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жаңы мектеп пайда болот.
Өкмөттүн аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, билим берүү мекемеси
Ново-Вознесеновка айылында салынууда. Объектиде окуу корпусу, ашкана,
спорттук жана акты залы, компьютердик класс, ошондой эле так илимдер боюнча
лабораториялык кабинеттер болот. Имарат 375 орунга чакталат. Долбоорду
ишке ашырууга 1 миллион 204 миң доллар керектелет. Сумма Сауд
өнүктүрүү фондунан алынган насыянын эсебинен бөлүнөт.