Чет мамлекеттен кыргызстандыктарды алып келүү үчүн каражат бюджеттен бөлүнүп жатат

Чет мамлекеттен кыргызстандыктарды алып келүү үчүн каражат бюджеттен бөлүнүп жатат. Бул тууралуу Каржы министри Бактыгүл Жээнбаева билдирди. Анын айтымында, акча атайын коронавирус менен күрөшүүгө каралган мамлекеттик резервдик бюджеттен алынууда.

 

Белгилеп кетсек, буга чейин социалдык тармактын колдонуучулары кыргызстандыктарды кайтарууда жарандар чогулткан каражат колдонулуп жатат деп жазышкан.

 

Жээнбаева белгилегендей, эл тарабынан топтолгон акча дарыгерлерге кошумча төлөм катары берилүүдө.