Пандемияда планетадагы эң бай адамдардын кирешеси эки эсеге көбөйдү

Пандемияда планетадагы эң бай адамдардын кирешеси эки эсеге көбөйгөн.

 

2020-жылдын март айынан бери дүйнөнүн эң кирешелүү 10 адамынын жалпы байлыгы 700 миллиард доллардан 1,5 триллион долларга жетти.

 

Forbes журналынын версиясы боюнча дүйнөнүн эң бай адамдарына кирген Илон Маск, Жефф Безос, Бернард Арно, Билл Гейтс, Марк Цукерберг өңдүү кишилердин байлыгы пандемия учурунда күн сайын 1,3 миллиард доллардан жогорулап турган.