Кылмыш кодексинин жаңы долбоору президенттин администрациясында каралып жатат

Кылмыш кодексинин жаңы долбоору президенттин администрациясында каралып жатат. Бул тууралуу novosti.kgге өлкө башчынын басма-сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

 

Анын айтымында, мыйзамга ылайык, бир айдын ичинде документке кол коюлуп, же ал кайра иштеп чыгууга жөнөтүлүшү керек.

 

Эске салсак, Кылмыш кодексинин жаңы долбоору азыркыдан 92 пайызга айырмаланат. 47 берене жаңыдан жазылса, 34 берене толугу менен жок кылынды. Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин жаңы долбоору 416 беренеден турат.