Бишкектеги Тарых музейи кийинки жылдын жазында ачылышы күтүлөт

Бишкектеги Тарых музейи кийинки жылдын жазында ачылышы күтүлөт. Маданият министри Азамат Жаманкуловдун айтымында, мамлекеттин немис компаниясынын алдында карызы бар.

 

Сумма 25 миң еврону түзөт. Ведомство бардык суроолорду жыл башында чечүү ниетинде. Эске салсак, музей 2016-жылы калыбына келтирилип баштаган. Андан бери анын ачылышы бир канча жолу жылдырылып келет.

 

Ондоо иштеринин жүрүшүндө Генералдык прокуратура бир нече берене боюнча кылмыш ишин козгоп, каражат максатсыз колдонулганын ачыктаган.