Нарында окуучулар үчүн жол кыймылынын эрежелерин сактоо боюнча сынак өттү.
Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, иш-чара өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу жана окуучулардын бош убактыларын туура, пайдалуу өткөрүүгө, жолдо жүрүү эрежелерин туура сактоого багытталды.
Жыйынтыгында активдүү окуучуларга атайын орундар берилип, чакан белектер тапшырылды.