Адистер кечээ жер көчкү жүргөн аскердик бөлүктүн аймагын изилдейт

Адистер кечээ жер көчкү жүргөн аскердик бөлүктүн аймагын изилдейт. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, алдын ала эсептөөлөргө ылайык, 600 кубометр жер массасы түштү.

 

Жабыркагандар жана кыйроолор жок. Жер дагы көчүшү мүмкүн, андыктан, жеринде аскердик бөлүктүн кызматкерлери нөөмөттө турат. Кошумчаласак, Улуттук Гвардиянын бөлүгү Чоң-Таш жана Таш-Дөбө айылдарынын аймагындагы Ата-Бейит мемориалдык комплексинин жанында жайгашкан.