Дагы 40 кыргызстандык студент Кытайдан мекенине кайтты

Дагы 40 кыргызстандык студент Кытайдан мекенине кайтты. novosti.kgге Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, алар Казакстан аркылуу атайын борт менен жеткирилди. Аларды ведомствонун өкүлдөрү Алмата шаарынан тосуп, Бишкекке алып келишти.

 

Учурда мекендештерн обсерваториялык жайларга карантинге жайгаштырылды. Аларда коронавирустун белгилери байкалган жок, бирок эпидемия катталган жерден келишкендиктен, медициналык кароодон өтүшү керек.