“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруунун мөөнөтү жылдырылышы ыктымал

“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруунун мөөнөтү жылдырылышы ыктымал.

Бул тууралуу Мамлекеттик маалыматтык технологиялар комитетинен novosti.kgге билдиришти.

Бишкекке өзгөчө абал режими киргенине байланыштуу, адистерде Кытайдан өз убагында

тиешелүү документ жана жабдууларды алып келүүгө маселе жаралды. Учурда долбоордун

экинчи этабын ишке ашыруунун жанданышы жана анын мөөнөтүн тактоо боюнча сүйлөшүүлөр

жүрүп жатат. Буга чейин белгилүү болгондой, “Коопсуз шаардын” камералары

ушул жылдын октябрь айына чейин өлкөнүн бүт аймагына орнотулмак.