6 жаштагы кыз кайрадан эң кирешелүү блогерлердин ондугуна кирди. РИА Новостинин маалыматына ылайык, Краснодардан чыккан Настя Радзинская жылына 18,5 миллион доллар таап, 7-орунга илинди.
Анын YouTube каналына 190 миллион адам катталган. Рейтингдин сап башында мурдагыдай эле 9 жаштагы Райан Каджи турат. Анын жылдык кирешеси 29,5 миллион долларды түздү.