Нью-Делиден Лондонго бараткан учак багытын өзгөртүүгө аргасыз болду

Нью-Делиден Лондонго бараткан учак багытын өзгөртүп, кайра Индиянын борборуна конууга аргасыз болду.

 

Шашылыш конууга жүргүнчү менен учактын экипаж мүчөлөрүнүн ортосундагы мушташ себеп болгон. Эркек менен стюардессалардын ортосундагы чыр учак абага көтөрүлгөндөн үч сааттан кийин башталган.

 

Самолет жерге конгондон кийин укук бузган адамды полиция кызматкерлери кармап кетишти.