Индия океанды изилдөө үчүн космоско ракетасын ийгиликтүү учурду

Индия океанды изилдөө үчүн космоско ракетасын ийгиликтүү учурду.

Учуруу Шрихарикота аралындагы улуттук космодромдон ишке ашырылды.

Бортто тогуз спутник, анын ичинде океандардагы процесстерге байкоо жүргүзүү үчүн арналган жаңы аппарат Oceansat 3 бар.

Орбитага чыгаруу пландаштырылган кичинекей спутниктердин арасында Бутанда жасалган техника да бар.

Анын салмагы болгону 15 килограммды түзөт.

Спутник өлкөнүн үстүн сүрөткө тартат.

Мындан тышкары космоско индиялык жана чет элдик компаниялардын чакан спутниктери жөнөтүлдү.