Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Nur Otan партиясынын төрагасы болду

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бир добуштан Nur Otan партиясынын

төрагасы болуп шайланды. Сунушту партиянын кезексиз съездинде Казакстандын тунгуч

президенти, Елбасы Нурсултан Назарбаев киргизди. Белгилеп кетсек, «январь окуяларында

» Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн Коопсуздук кеңешин жетектеп калды. Эми парламент

Назарбаевдин ыйгарым укуктарын расмий алып салуу үчүн мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү

киргизиши керек. Бардык ыйгарым укуктар өткөрүлүп берилгенден кийин

Назарбаевдин өмүрү өткүчө «Елбасы» деген бир эле статусу калат.