Японияда 1-декабрдан тарта электр энергиясын үнөмдөө режими киргизилет

Япония быйыл кышында электр жарыгы жетишсиз болушу мүмкүн деп кооптонууда.

Мындан улам өкмөт электр энергиясын үнөмдөө режимин киргизүүнү чечти.

Бул чаралар 1-декабрдан кийинки жылдын мартына чейин күчүндө болот.

Бийлик элге кондиционерлердин температурасын төмөндөтүүнү, мындан тышкары, пайдаланылбаган бөлмөлөрдө жарыкты өчүрүү сунуштады.

Белгилеп кетсек, кышкы электр энергиясын үнөмдөө режими Японияда жети жылдан бери биринчи жолу киргизилет.