Ноокаттын мэри жана шаардык кеңештин депутаты кармалды.
Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шектүүлөр 4 жылдын ичинде кызматтык
абалын кыянаттык менен пайдаланып, бюджетке 15 миллион
сомдук зыян алып келген. Сотко чейинки өндүрүш
иши ачылып, тергөө чаралары жүрүүдө.