«Унаа» мамлекеттик ишканасынын директорунун жардамчысы пара алып жаткан жеринен кармалды

«Унаа» мамлекеттик ишканасынын директорунун жардамчысы пара алып жаткан жеринен кармалды.

Улуттук коопсуздук комитетинен билдиришкендей, кылмышка шектүү жаранга эмгек келишимдеринин

мөөнөтүн тоскоолдуксуз узартып берүү үчүн акча талап кылган. Кызматкер кечээ иш бөлмөсүндө

2 миң доллар алып жаткан жеринен колго түштү. Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында аталган учурга

окшош фактыларды жана «Унаа» ишканасынын башка кызматкерлеринин аталган коррупциялык схемага

тиешеси бар же жогун аныктоо иштери жүрүп жатат.