Кыргызстанда коронавирус боюнча жалган маалымат тараткан 15 факты катталды

Кыргызстанда коронавирус боюнча жалган маалымат тараткан 15 факты катталды.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, учурда милиция

кызматкерлери жалган маалыматтарды тараткан жарандардын өздүгүн тактоо

боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүп жатат. Кылмыш жасалгандыгы жөнүндөгү

жалган маалымат тараткандар жоопкерчиликке тартылат. Ошондой эле

жарандарга социалдык тармактардагы жалган маалыматтарга эмес

расмий билдирүүлөргө ишенүү сунушталат.