Нооруз майрамына карата негизги салтанаттуу иш-чаралар быйыл Баткенде өтүүдө

Нооруз майрамына карата негизги салтанаттуу иш-чаралар быйыл Баткенде өтүүдө.

Шаардык борбордук стадионунда уюштурулган майрамга Кыргызстандын ар бир облусунан келген өкүлдөр жана жергиликтүү эл менен кошо президент Садыр Жапаров да катышууда.

Өлкө башчы аймактык кол өнөрчүлөр жасаган буюмдардын көргөзмөсү менен таанышып, майрамдык концертке күбө болууда.

Белгилеп кетсек, бул күнү майрамдык саамалыктар адатта Бишкекте уюштурулчу.