Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркулов берген арызынын негизинде кызматынан бошотулду. Бул тууралуу жарлыкка мамлекет башчысы Садыр Жапаров 1-февралда кол койгонун президенттин басма сөз кызматы кабарлады.
30-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Анаркулов ири суммада пара талап кылууга шектелип кармалганын, ага карата сотко чейинки териштирүү Жазык кодексинин 326-беренеси (“Пара талап кылуу”) боюнча жүрүп жатканын кабарлаган.
Анаркулов бул кызматка 2020-жылы 5-6-октябрдагы элдик толкундоолордон кийинки бийлик алмашууда дайындалган.
Кылмышка шектүү өзү же анын жакындары УКМКнын айыптоосуна комментарий бере элек.