Октябрь районунун таштанды үчүн эки квитанция алган жашоочуларына акча төлөбөй туруу сунушталат

Бишкектеги Октябрь районунун таштанды үчүн эки квитанция алган жашоочуларына

акча төлөбөй туруу сунушталат. Мэриядан түшүндүрүшкөндөй, буга чейин аталган

райондун тургундарына «Комтранском» жана «Тазалык» кызматынан эки квитанция

келгени айтылган. Андан улам шаардыктар кайсы квитанция боюнча акча төлөшү

керектигин билбей жатат. Жеке компания менен «Тазалыктын» ортосунда соттук

териштирүү жүрүп жаткандыктан бул суроого так жооп жок. Ал эми төлөп

койгондордун акчасын «Тазалык» менен «Комтранском» териштирүүнүн

жыйынтыгына жараша эсептешип алат.