Бишкекте ушул жумада жай толук аяктайт.
Синоптиктердин маалыматына ылайык, алдыдагы 2 күн бою
ордо калаада июлдагыдай ысык болот. күндүз абанын табы
+35ке чейин жогоруласа, түнкүсүн дагы жылуу болуп +20…22де сакталат.
Бирок 9-сентябрь, бейшембиден тартып күн салкындап, жаан жаайт.
Жумада күндүз +15тен жогорулабайт, жамгыр жаап, шамал болот.