Нөшөрлөгөн жаан-чачындан улам өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүү коркунучу сакталат

Нөшөрлөгөн жаан-чачындан улам өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүү коркунучу сакталат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, ылай аралаш масса жакынкы күндөрү түшүшү мүмкүн.

 

Андан тышкары, дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлөт. Жарандарга жана айдоочуларга этият болуу сунушталат.