Ош облусунун Үч-Каптал айылында эки билим берүү мекемеси пайда болот

Ош облусунун Үч-Каптал айылында эки билим берүү мекемеси пайда болот.

Өкмөттүн аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей,  Оморкулов атындагы орто мектебинин

жаңы имаратынын пайдубалына капсула салуу аземи өткөрүлдү. Жаңы объекти 54 миллион сомго курулат.

Ага акча мамлекеттик бюджеттен бөлүнөт. Буга чейинки мектептин эски имараты авариялык абалда деп табылган болчу.

Кошумчаласак, ушул эле айылда бала бакча да курулат. Долбоорго 22 миллион сом керектелет.

Курулуш иштери 2 этап менен жүргүзүлөт.