Ордо калаада дагы бир түнкү стационар ачылды.
Мэриянын маалыматына ылайык, Кара-Жыгач конушунун Бегматов көчөсүндөгү ресторанда
45 орундуу стационар ишке кирди. Жерине орундуктар, тамчылатма үчүн штативдер,
үч кычкылтек концентратору жеткирилди. Анда мобилдик дарыкана дагы орнотулду.
Муну менен жалпысынан ордо калаада 3 түнкү стационар иштеп жатат. Алар 7-кичи райондогу
спорт комплексте жана Фрунзе Орозбеков көчөлөр кесилишиндеги ресторандын базасында.