Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирустун экинчи толкунуна даяр

Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирустун экинчи толкунуна даяр. Ведомство жетекчисинин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдиргендей, экинчи толкун  башталат деп айтууга эрте, бирок министрлик буга даярданып жатат.

 

Анын айтымында, обсервацияларда кошумча орундар даярдалып, медицина кызматкерлерин тартуу пландалып жатат.  Дүйнөлүк банк жана башка өнөктөштөрдүн гранттык долбоорлорунун колдоосу менен стационардык базалардын квалификациясын жогорулатуу каралууда.