Калктын айрым катмары коронавируска анализди бекер тапшыра алат.
Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдиргендей,
жакынкы арада COVID-19 вирусуна карата каалоочулар үчүн текшерүү башталат.
Эске салсак, өлкөдөгү лабораториялардын бири мамлекеттик вирусологиялык
лаборатория менен иш алып барат. Бир жолку тесттин орточо баасы эки миң сомдун тегерегинде.