Ордо калаада гүлдөрдүн көргөзмөсү өтүп жатат

Ордо калаанын Жеңиш аянтында үйдө жана бакчада өстүрүүчү гүлдөрдүн

көргөзмөсү өтүп жатат. Анда гүлдүн түрлөрүнөн тышкары карапалар, жомок

каармандарынын бакчага коюлуучу сөлөкөттөрү жана багбанчылыкка

керектүү товарлар да сатылууда. Көргөзмөдө адистерден кеңеш алуу

мүмкүнчүлүгү да түзүлдү. Мэриянын маалыматына ылайык,

жарманке 15-июнга чейин болот.