Дүйнөнүн эң бай адамы Джефф Безос 15 мүнөттө эле 13 миллиард долларга байыды

Дүйнөнүн эң бай адамы Джефф Безос 15 мүнөттө эле 13 миллиард долларга байыды. Бул Amazon компаниясы кварталдык отчетун жарыялагандан кийин болду. Ага ылайык, киреше аналитиктер болжолдогондон дагы көп болду.

 

Отчет жарыялангандан кийин Amazon компаниясынын акцияларынын баасы дагы    12 пайызга кымбаттады. Муну менен, учурда Безостун байлыгы 129,5 миллиард долларды түзөт.